Бишкек шаарында милиция кызматкерлери кызга кол салган окуяга катыштыгы бар деп шектелген эки жаранды кармады. Бул тууралуу ички иштер органдарынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда видео тараган болчу. Анда жылаңач кийимчен белгисиз эркек кызга кол салганы, андан соң токтогон унаага отуруп, ал жерден качып кеткени көрсөтүлгөн.

Милициянын маалыматы боюнча, иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга тиешеси бар эки эркек киши аныкталып, алар кармалды.