Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын тааныштыруу иш-чарасы өттү. Иш-чарага Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышты.

Министр Мамбеталиев маданий программанын концепциясын, максаттарын жана негизги багыттарын жана иш-чаралар өтүүчү жайларды кеңири түшүндүрдү. Программанын максаты — көчмөн цивилизациясынын тарыхын, руханий жана материалдык мурастарын, салттуу маданиятын, искусствосун, музыкасын жана кол өнөрчүлүгүн заманбап форматта кеңири эл аралык аянтта көрсөтүү.

Иш-чарага VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов, программаны уюштуруучулар, тарыхчылар, этнографтар, илимпоздор, коомдук жана маданий кызматкерлер, улуу муун өкүлдөрү, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер жана чыгармачылык топтун мүчөлөрү катышты.

Жыйында тарыхтан жана этнографиядан адистер программаның мазмуну менен таанышып, анын тарыхый жана этнографиялык тактыгы боюнча эксперттик пикирлерин жана сунуштарын беришти. Өзгөчө көңүл көчмөн цивилизациясынын тарыхый жана маданий мурастарын туура жана мазмундуу интерпретациялоого бурулду.