Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕТӨФ) Кыргызстандын тышкы сектору боюнча болжолун консервативдүү сценарийге карай өзгөрттү.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын биринчи кварталында күндөлүк операциялар эсебинин тартыштыгы 1,5 миллиард долларды түздү, бул ИДПнын 30,2 пайызына барабар.

Мындай тартыштыктын негизги себептери — алтын экспортунун кескин төмөндөшү (өткөн жылга салыштырмалуу 6 эсе) жана акча которуулардын кыскарышы (10 пайызга).

Буга байланыштуу ЕТӨФ 2026-жылга күндөлүк операциялар эсебинин күтүлгөн тартыштыгын ИДПнын 22,3 пайызына чейин жогорулатты, бул мурунку болжолдон 1,7 пайыздык пунктка начар. Ал эми 2027-2028-жылдарга карата параметрлер өзгөрүүсүз калтырылды.

Биринчи кварталда Улуттук банктын валюта рыногундагы 725 миллион долларлык интервенцияларына карабастан, орто мөөнөттүү келечекте эл аралык резервдердин жетиштүү көлөмү сакталып калат деп күтүлүүдө. Бул товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортунун 6,4 айлык көлөмүн камсыздайт.

Буга өлкөнүн жалпы экспортунун 70 пайыздан ашыгын түзгөн алтын рыногундагы жагымдуу кырдаал өбөлгө түзөт.