Ала-Арчада 11 өлкөнүн тоо куткаруучуларынын эл аралык машыгуулары |…
99 акысыз·
Коом
Ала-Арчада 11 өлкөнүн тоо куткаруучуларынын эл аралык машыгуулары өтүүдө
Мамлекеттик "Ала-Арча" жаратылыш паркында 11 өлкөнүн тоо куткаруучулары үчүн XII эл аралык окуу-машыгуу жыйындары уланууда. Катышуучулар аскада жүрүү, бийиктиктен түшүү жана көтөрүлүү, ошондой эле тоо шартында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча көндүмдөрүн өркүндөтүп, тажрыйба алмашышат.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда, "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн тоо куткаруучуларынын XII эл аралык окуу-машыгуу жыйындары өтүүдө. Бул машыгуулар тоо шартында куткаруу иштерин жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүүгө багытталган.
Бүгүнкү күндө катышуучулар аскада жүрүү боюнча практикалык сабактарга негизги көңүл буруп жатышат. Куткаруучулар аскалуу жерлерде кыймылдоо, бийиктиктен өйдө-ылдый түшүү, ошондой эле тоолуу аймакта куткаруу иштерин жүргүзүү ыкмаларын өздөштүрүшүүдө.
Мурунку күнү катышуучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык сабактардан өтүп, тоодогу жаракаттарда жана башка өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү алгоритмдерин иштеп чыгышкан.
Жыйындардын жүрүшүндө чет элдик адистер кыргызстандык кесиптештери менен биргеликте куткаруу операцияларын жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүп, тажрыйба алмашууда.
Тоо куткаруу даярдыгы боюнча эл аралык курстар расмий түрдө 4-августта Бишкек шаарында Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун колдоосу менен ачылган. Ачылыш аземине Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов катышкан.
“
2012-жылдан бери бул курстар куткаруучуларга тажрыйба алмашууга, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Алмазбек Асанов, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары