Биринчи вице-премьер Данияр Амангелдиев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга жумшалган акча өзүнчө каралып жатканын билдирди. Анын айтымында, бул коммерциялык долбоор болуп саналат жана мамлекеттик чыгымдар үчүн жөнөкөй насыя эмес, өзүн акташы керек.

Учурда долбоордогу үлүштөр төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: Кытай – 51%, Кыргызстан жана Өзбекстан – ар бири 24,5%тан.

Тартылган каражаттар толугу менен төлөнгөндөн кийин, темир жол толугу менен үч өлкөнүн менчигине өтөт.

Министрлер кабинети Кыргызстандын Кытайга болгон карызы акыркы жылдары 1,8 миллиард доллардан болжол менен 1 миллиард долларга чейин кыскарганын эскертти. Ошондой эле, өлкөнүн тышкы карызындагы Кытайдын үлүшү 47,5%дан 27%га чейин төмөндөгөн.