Москва шаарында ийгиликке жеткен кыргызстандык айым Нурия Калыбекованын окуясы көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ал такси айдоочусу катары эмгек жолун баштап, кийинчерээк өзүнүн таксопаркын түзүүгө жетишкен.

Учурда Нурия бир эле учурда бир нече иш менен алектенет. Ал автосалондо иштеп, такси айдап, ошол эле учурда мекендештерге Орусияда расмий жумушка орношууга көмөк көрсөтөт. Анын тажрыйбасы ишкердик жана миграция тармагындагы ийгиликтүү үлгү катары бааланууда.