Материалов: 1646
Кыргызстанда транспорт каражатын мас абалында башкаргандыгы үчүн жаза катаалдаштырылгандан кийинки биринчи айда 1500дөн ашык айдоочу кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мындай укук бузуу үчүн эми айып пул салуу жана айдоо укугунан эки жылга ажыратуу каралган.
Кыргызстанда акыркы үч жыл ичинде вирустук гепатиттин 75,8 миңден ашуун учуру аныкталды. Бул тууралуу Гемоконтакттык вирустук гепатиттерди жана ВИЧти контролдоо борборунун директору Умуткан Чокморова билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурлан Жумалиев Баткен облусундагы калктуу конуштарды селден коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар менен таанышты. Анын сапарынын жыйынтыгында тиешелүү мекемелерге каналдарды кеңейтүү, көпүрөлөрдү реконструкциялоо жана негизги объекттерди коргоо үчүн документтерди даярдоо тапшырылды.
Кант шаарында болгон жол кырсыгынан 27 жаштагы Фаиза Кыдырбаева каза болду. Ал Кант мэриясында иштеген. Маркумдун апасы коомчулуктан окуяга күбө болгондорду жана видео/фото материалдарды табууга жардам сурап кайрылды. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу мас абалда болгон.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бучук кенинде пайдалуу кендерди казып алган компаниянын ишмердүүлүгүнөн улам жайыт жерлердин өндүрүш калдыктары менен булгангандыгын ырастады. Бул тууралуу маалымат жергиликтүү тургундардан келип түшүп, андан соң жүргүзүлгөн текшерүүдө тастыкталган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери 17-июлдан 23-июлга чейин өлкө аймагында жүргүзгөн рейддердин натыйжасында жол кыймылынын эрежелерин бузуунун 23 миңден ашык фактысы аныкталды. Анын ичинде мас абалында унаа айдоо, айдоочулук күбөлүгү жок башкаруу жана жасалма мамлекеттик номерлерди колдонуу сыяктуу одоно бузуулар да катталды.
Тергөөнүн версиясы боюнча, жаза өтөө мекемесиндеги жаран жасалма долларларды сатуу үчүн сатып алуучуну таап, келишимди координациялаган. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпы номиналдык наркы 18,2 миң доллар болгон жасалма банкноттор алынган.
Чүй облусундагы «Чалдыбар» фитосанитардык көзөмөл пунктунда Орусиядан келген 90 куб метр жыгач материалдарын Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Кант шаарында бир өспүрүм сабалып, аны камерага тартып кечирим суроого мажбурлашкан. Бул окуя тартылган видео социалдык тармактарда кеңири тараган. Аталган факт Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, иликтөөгө чейинки текшерүү башталды.
Күбөлөрдүн айтымында, Ысык-Көлдө эс алуу учурунда бир аял 14 жаштагы кызга кол салып, аны катуу сабаган. Өспүрүм мээси чайкалып, мурду сынгандыктан ооруканага жаткырылган.
Талас шаарынын мэриясы социалдык тармактарда "Баатырлар" паркындагы аттракциондордун бузулгандыгы тууралуу тараган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, бардык аттракциондор тийиштүү текшерүүлөрдөн өтүп, коопсуз иштеп жатат.
Каракол шаарында айыл чарба багытындагы 450 чарчы метр жер тилкесине тийиштүү уруксат кагаздары жок курулган объект демонтаждалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы билдирди. Мыйзамсыз курулуш фактысы боюнча жерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу беренеси менен кылмыш иши козголду.